Мирлан Самыйкожо: “Туу боюнча добушум киши колдуу болду!”

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда каралып жатканда анын ордуна “макул” добуш бергендигин айтты

“Эл менен жолугушууда жүргөм, бүгүн маселе кирбеш керек эле. Жашыруун түрдө, жасалма жол менен тууну алып кирип өткөрүп койдуңар. Менин ордума “макул” деп басып койдуңар, ким басып койсо да жооп бериши керек”, -деди

Ошондой эле эл өкүлү бул маселе референдум жолу менен чечилиши керектигин айтып, “ Бул эмне деген маскарапоздук, көз боёмочулук, эмне деген абийирсиздик. Элдин 90 пайызы каршы. Мындай болбойт. Көптөп кеттиңер, мейли…”, — деди Мирлан Самыкойжо.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз спортчулары Азия биринчилигинде 3-орунду ээледи

Кыргызстандын регби боюнча улуттук курама командасы Борбор Азия ачык биринчилигинде 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Биринчилик өткөн жумада Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын курама командалары катышты. Ал эми 1-2-орунду Өзбекстандын командалары жеңген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн