Чукул билдирүү: Тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун III туру башталды

Кыргызстанда 2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун III туруна каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 15-январда башталып, 17-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 18-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат. Кабыл алууга […]

Сизге жагышы мүмкүн