ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун III туру башталды

Автор

Кыргызстанда 2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун III туруна каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 15-январда башталып, 17-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 18-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.
Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 20-январь саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.
I жана II турда жалпысынан 362 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 288 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 270 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.
Эки турда тең эң көп талон төмөндөгү жогорку окуу жайларга түштү:
1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 99,
2. Ош мамлекеттик университети – 77,
3. КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 42,
4. Эл аралык медициналык университети – 24,
5. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 12.

Бөлүшүү:
Next Post

Январь окуясы боюнча 1396 адам соттолду

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча 2022-жылдагы январь окуясы боюнча 1396 адам соттолду. Окуялар учурунда 2960 курал-жарак уурдалган. Анын миңден ашыгы табылса, калган куралдар дагы эле изделүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн