Кыргызстан боюнча мектеп директорлугуна 375 бош орун бар

Автор

Өлкө боюнча мектеп директорлугуна 375 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигигинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди.
Бүгүндөн тарта сынакка арыздарды кабыл алуу башталат. Конкурстун өзү бир убакта Ошто жана Бишкекте өткөрүлүп, талапкерлер шаарларга келип компьютер аркылуу тапшырышы керек.
“Бир адам бир мектепке сынак аркылуу эки ирет дайындала алат, үчүнчү жолу ал башка мектепке конкурс аркылуу дайындалууга укуктуу. Аралыктары беш жылдан. Мектеп директорлугуна 7 жылдык үзгүлтүксүз педагогикалык тажрыйбасы бар, анын ичинде эки жыл директор же директордун орун басары болгондор талапкер боло алат”, — деди министрликтин өкүлү Айнура Кусеинова.
Ал талапкерлердин жаш курагына чектөө жок экенин кошумчалады. Мындан тышкары, соттуулугу алына электер же аларга карата соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандар сынакка катыша албайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто коомдук транспорттордо кыргыз тилиндеги мультфильмдер көрсөтүлө баштайт

Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамын ишке ашыруу максатында кыргыз тилиндеги “Козулар”, «Сыйкырдуу калем» анимациялык мультфильмдерин шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда коюу сунушталды. Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэриясы бул демилгени колдоого даяр экендигин, мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча бир топ иш-аракеттер жасалып жаткандыгын […]

Сизге жагышы мүмкүн