ТИМ Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна кооптонуусун билдирет

Автор

Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирет жана тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат. «Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат», — деп айтылат КР ТИМдин басма сөз кызматы тараткан расмий билдирүүсүндө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн боордош элди колдогон марафон башталат

Бүгүн, 15-апрелде “Казакстанды колдоонун 112 сааты” деп аталган марафон өтөт. Уюштуруучулар билдиргендей, марафонго катышуу үчүн тилектештик билдиргендер аябай көп. Алардын баары суу ташкынынан жапа чеккен бүткүл Казакстандыктарды колдоп, кубаттагысы келет. 112 сааттык түз байланышта марафонго катышкандар өнөрлөрүн тартуулап, жалындуу сөздөрү менен боордош элге дем беришет. Марафон Бишкек убактысы боюнча саат […]

Сизге жагышы мүмкүн