ФИФАнын президенти  расмий иш сапары менен Тажикстанга барды

Автор

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти  Жанни Инфантино расмий иш сапары менен Дүйшөмбүгө барып, анын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

«Жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстан менен ФИФАнын жана Азия футбол конфедерациясынын ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды», – деп билдирди Тажикстандын футбол федерациясынын басма сөз кызматы.

Тараптар Тажикстандын футболунун инфраструктуралык базасын мындан ары жакшыртуу маселелерин, жаштар жана аялдар футболун, ошондой эле футзалды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Песков: Кремль Киев чабуулун улантаарын билет

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Жеңиш күнүндө кутум коркунучун көрүп жатабы деген суроого жооп берди. Ал Россия аймактарына жасалган кол салуулардын артында украин бийликтери турганын биле турганын айтты. “Албетте, биз бир катар ушундай чабуулдардын, террордук актылардын артында турган Киев режими өз багытын улантууну пландап жатканын билебиз”,-деди. […]

Сизге жагышы мүмкүн