Песков: Кремль Киев чабуулун улантаарын билет

Автор

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Жеңиш күнүндө кутум коркунучун көрүп жатабы деген суроого жооп берди. Ал Россия аймактарына жасалган кол салуулардын артында украин бийликтери турганын биле турганын айтты.
“Албетте, биз бир катар ушундай чабуулдардын, террордук актылардын артында турган Киев режими өз багытын улантууну пландап жатканын билебиз”,-деди.
Россиялыктар коопсуздукту камсыздоо үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын жасап жатканын айтып «Атайын аскердик операция жүргүзүлүп жатат, ал биздин өлкөгө коркунучтарды түп тамырынан бери жок кылууга багытталган»,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиянын университеттерине сынак башталды

Бүгүн, 3-майда Кыргыз-түрк “Манас” университетине караштуу Чыңгыз Айтматов атындагы шаарчада Түркия стипендиялары (Türkiye bursları) үчүн Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагы башталды. Тактап айтканда, Түркия мамлекети бөлгөн квоталар үчүн  кыргызстандык окуучулар күч сынашат. Сынакты ийгиликтүү өткөндөр Түркиянын белгилүү  университеттеринде  медицина, психология, экономика, дин, мамлекеттик башкаруу факультеттеринде билим алышат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн