“Реал Мадрид” клубу Испаниянын Суперкубогунун финалына чыкты

Автор

Планетанын эң титулдуу футбол клубу “Реал Мадрид” Испания Суперкубогунун жарым финалында жеңишке жетти. Ал эми үчүнчү жолу катары менен бул турнирдин чечүүчү беттешинде ойноо укугун алды.
Суперкубоктун финалына чыгуу үчүн Карло Анчелоттинин командасы Атлетико Мадриддеги мекендештерин 5:3 эсебинде утуп алды. Оюндун негизги убактысы 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктагандыктан, беттештин тагдыры кошумча убакытта чечилди. Лос-Бланкостун голдорун Рудигер, Менди, Карвахаль, Хоселу жана Брахим киргизген.
Бул ийгилик падышалык командага үчүнчү жолу катары менен Испаниянын абройлуу турниринин финалына чыгууга мүмкүндүк берди. Бир жыл мурун Лос-Бланкос чечүүчү беттеште “Барселонага” жеңилип калган – 1:3, ага чейин Бильбаонун “Атлетикинен” 2:0 эсебинде күчтүү болгон.
“Реал Мадрид” эми финалда болочок атаандаштарын күтөт, ал “Барселона” менен “Осасуна” беттеши аяктагандан кийин белгилүү болот. Бул тирешүү 12-январга караган түнү, Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Испания Суперкубогунун финалы 14-январга белгиленген. Чечүүчү беттеш, ошондой эле бул турнирдин жарым финалы Сауд Арабияда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

12-январга карата аба ырайы. Кар жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүн биринчи жарымында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштөн кийин жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +1…+6, Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн