Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медаль утуп алды.
62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түштүк Корея өлкөсүнөн келген Сюн Жо аттуу балбан кызды 6:0 эсеби менен алдыга чыгып келе жатып туше ыкмасын колдонуп, таза жеңишке жетти.
Жарым финалда монголиялык спортчуну 13:3 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Ал эми чечүүчү финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, 9:6 эсебинде утту. Ошентип Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан Казакстанга дагы 150 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Казакстандын суу каптоодон жабыркаган алыскы облустарына “Жардам кербенинин экинчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган кербенди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп барат. 150 тонна гуманитардык жардамда Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары – май, айран, быштак, өсүмдүк майы, кургак сүт, […]

Сизге жагышы мүмкүн