УКМК: Опера жана балет театрынын директору кармалды

Автор

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, опера жана балек театрынын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси барларды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкектин эки жеринде айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Бүгүн, 2-декабрда  Бишкектин эки жеринде айыл чарба жарманкеси өтүүдө.  Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, 31-декабрга чейин уланат. Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат. «Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, […]

Сизге жагышы мүмкүн