19-июлга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарындын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө  түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,

Нарында  түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Жидда шаарына келди

18-июлда президент Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен өлкөгө иш сапары менен келди. Мамлекет башчыны Жидда шаарынын эл аралык аэропортунда  Меккенин губернатору Халид бин Фейсал Аль Сауд тосуп алды. Сапардын алкагында мамлекет башчы “Борбор Азия – Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” аттуу мамлекет […]

Сизге жагышы мүмкүн