18-июль: Аба ырайы тууралуу маалымат

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 18-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө  түнкүсүн +18…+23, күндүз +35…+40,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +34…+39,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36,

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +21…+23, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Крым көпүрөсүндөгү чабуул үчүн жооп болорун убада кылды

Россиянын президенти Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү терактка байланыштуу жыйындын соңунда анын жоопкерчилигин Киев режимине жүктөөрүн билдирди. Ал ошондой эле Россия тараптан жооп болорун баса белгиледи. Мамлекет башчы белгилегендей, азыр Коргоо министрлиги тиешелүү сунуштарды даярдап жатат. Путиндин айтымында, бул аскердик көз караштан алганда, эч кандай мааниси жок кылмыш жана Крым көпүрөсүндөгү […]

Сизге жагышы мүмкүн