Бүгүн Бишкектин эки жеринде айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Автор

Бүгүн, 2-декабрда  Бишкектин эки жеринде айыл чарба жарманкеси өтүүдө.  Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, 31-декабрга чейин уланат.

Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

«Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат», — деп белгилешти министрликтен.

Жарманке Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Дубайда бир катар жолугушууларды өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн убай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен жолугушту. Эскерте кетсек, бүгүн Дубай шаарында БУУнун […]

Сизге жагышы мүмкүн