Токаев Казакстандын гербин өзгөртүүнү сунуштады

Автор

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандын гербин өзгөртүүнү сунуштады. Анын айтымында, азыркы гербди кабыл алуу өтө кыйын. Анда «эклектизм жана совет доорунун белгилери бар».
“Талкуунун жүрүшүндө бир катар эксперттер жана коомдук активисттер мамлекеттик символдордун бүтүндөй системасын жаңылоо зарылдыгын айтышты. Көк түстөгү желегибиз стилистикалык жактан кынтыксыз жана эң негизгиси өлкөбүздүн өзгөчөлүгүн жана идеалдарын даана чагылдырат деп эсептейм”,-деди президент Атырауда өткөн Улуттук Курултайда.
Токаевдин айтымында, бул Казакстандын гимнине да тиешелүү. «Мекендештердин ар кандай жетишкендиктеринин аркасында дүйнө жүзү боюнча жаңырып турат. Үй-бүлө жана достор арасында Жаңы жылды гимн менен тосуу жакшы салтка айланган. Гимндин сөздөрү жана музыкасы жарандарыбыздын жүрөгүндө орун табат”,-деп белгиледи.
Андан кийин президент жаңы мамлекеттик гербдин эскизине ачык сынак жарыялоону сунуштады. “Адистердин жана кызыкдар жарандардын, анын ичинде жаштардын Казакстандын гербинин кабыл алынышы өтө кыйын, ал эклектизм жана совет доорунун белгилерин камтыйт деген жүйөлүү аргументтерин эске алуу максатка ылайык. Эгерде жалпы макулдашуу болсо, анда бардык аспектилерди олуттуу карап, коомдук талкууларды өткөрө турган атайын комиссия түзсө болот”,-деди Токаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча биринчи орунга чыкты. Аталган уюмдун сайтында Түркиянын Анталия шаарында өткөн Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинен кийин жаңыланган рейтинг жарыяланды. Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) аталган турнирде 58 миң балл менен […]

Сизге жагышы мүмкүн