Губернаторду жарадар кылышты

Автор

Мурманск облусунун губернатору Андрей Чибиске Апатити шаарында өткөн жыйындан кийин кол салуу болду. Анын курсагына бычак сайылган. Маалым болгондой, куралдуу аракет губернатор жарандарды жеке кабыл алып жаткан жергиликтүү маданият үйүнүн чыга беришинде болгон. Кылмышкер дароо кармалган.
Окуядан кийин ал унаага өз алдынча жетип, операциялык бөлмөгө жеткирүү учурунда эсине келип, берилген суроолорго жооп берген. Чибиске операция жасалганын облус жетекчисинин басма сөз кызматынын өкүлдөрү кабарлашты.
Окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте катуу шамалдын зыяны 16 млн сомду түздү

Бишкек мэриясынын буйругу менен 4-апрелден тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Бишкекте 28-мартта ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталып, шаардын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Андагы катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган. 101 объекттин, […]

Сизге жагышы мүмкүн