Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча биринчи орунга чыкты.
Аталган уюмдун сайтында Түркиянын Анталия шаарында өткөн Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинен кийин жаңыланган рейтинг жарыяланды.
Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) аталган турнирде 58 миң балл менен алтын медаль тагынышы анын рейтингдин сап башына чыгышын шарттаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Бишкектеги борбордук мечитке барып, чогулгандарга ооз ачар өткөрдү

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет. Ошондой эле, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү. Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады. Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды. […]

Сизге жагышы мүмкүн