ДССУ: Коронавирус пандемиясы 2023-жылы аяктайт

Автор

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейисустун айтымында, учурда дүйнөдөгү коронавирустун абалы анын жайылышынын бүткүл мезгилине караганда жакшы.
Анын айтымында, бул инфекциядан жоготуулардын жумалык саны биринчи жолу пандемия деп таанылган 2020-жылдын башына салыштырмалуу аз болду.
Гебрейисус “Бул жылы COVID-19 эл аралык деңгээлдеги коомдук саламаттыкты сактоодо өзгөчө кырдаал катары аяктаганын айтууга болот”,-деди. Ал эң негизгиси коронавирустук пандемиядан алынган сабактарды эстеп калуу зарылдыгын кошумчалады.
ДССУнун башчысы дүйнө калкы үчүн коомдук саламаттыкты сактоонун, илимдин жана кызматташтыктын маанилүүлүгү сыяктуу үч сабакты атады.

Бөлүшүү:
Next Post

Муфтияттын жаңы имаратын Раим Матраимов курууда

Жаңы муфтияттын имаратында иш кызуу жүрүп жатат. Ал марттын аягында бүтөөрү болжолдонууда. Муфтияттын апрель айында көчүп келүүсү пландалып жатканы белгилүү болду. Аны айтылуу Раим Матраимов куруп жатат. Азирети муфтий жаңы муфтияттын курулушу үчүн спонсор издеп, акыры Раим Матраимовго кайрылганга туура келгенин айткан. Жаңы муфтият Жибек-Жолу көчөсүндөгү Имам Сарахси мечитинин аймагына […]

Сизге жагышы мүмкүн