Тик Токко тыюулар уланууда

Автор

Бельгиянын бийлиги ТикТокту өкмөттүк телефондордо колдонууга убактылуу тыюу салды. Бул чаралар киберкоопсуздук, купуялуулук жана жалган маалыматка байланыштуу тынчсыздануулардан улам кабыл алынган.
Мамлекеттик кызматкерлерге аталган колдонмону жеке түзмөктөрүнө орнотууга гана уруксат берилген.
Буга чейин социалдык тармакка АКШ менен Канаданын бийлиги, ошондой эле Еврокомиссия тарабынан тыюу салынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аксыдагы өрттөнүп жаткан ооруканадан 134 бейтап эвакуацияланды

Аксыдагы өрттөнүп жаткан оорукананын имаратынан 134 бейтап эвакуацияланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти. «Жеринде Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору көзөмөл жүргүзүп жатат, акыркы маалыматы боюнча, оорулулар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды, жабыркагандар жок. Бардык тийиштүү […]

Сизге жагышы мүмкүн