Давосто “Х тумоосу” талкууланат

Автор

Давосто өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумда коронавирустун пандемиясынан каза болгондордун саны 20 эсе көп болушу мүмкүн болгон “Х тумоосу” талкууланат.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун сайтында жарыяланган маалыматка караганда, талкуу 17-январга белгиленген.
Ага ДСУнун башчысы Тедрос Гебрейюс, Бразилиянын саламаттыкты сактоо министри Низия Триндаде жана башка адистер катышат.
“Х тумоосу” эл аралык эпидемияга алып келиши мүмкүн болгон абстракттуу оору. Мындай эпидемия, кыязы, адамзатка белгисиз патогенден келип чыгышы мүмкүн деп эсептелет.
Белгилей кетсек, 2018-жылы ДСУ жаңы пандемияга алып келиши мүмкүн болгон патогенди изилдөөнү тездетүү үчүн “X тумоосун” артыкчылыктуу оорулардын тизмесине киргизген. АКШнын Улуттук Аллергия жана Жугуштуу Оорулар Институтунун башчысы Энтони Фаукинин айтымында, аталыштагы “X” “сюрприз” дегенди билдирет.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК: Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Кыргызстандын жараны кармалды

Үй-бүлөлүк зомбулук жана алдамчылык боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Малыматка ылайык, атайын кызматтын дарегине күйөөсү тарабынан ур-токмокко кабылган жаран кайрылган. Ал учурда Бишкектеги медициналык мекемелердин биринде дарыланууда жана үй-бүлөлүк психологдун кеп-кеңешин алып жаткандыгын айтылган. Тергөөдө Р.У.Н. үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жубайынын ден […]

Сизге жагышы мүмкүн