Банкты барымтага алган адам 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Автор

Полиция 18-июнда Астананын Достык көчөсүндө жайгашкан Kaspi Bank филиалынын жети кызматкерин барымтага алган Алихан Мурадовго карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Барымтага алуу») боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштады. Кармалган адам 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин республиканын Ички иштер министрлиги билдирди.
18-июнь күнү саат 13:51де белгисиз адам банктын филиалына кирип, тапанчага окшош буюм менен коркутуп, жети адамды барымтага алган.
Окуя болгон жерге милиция, шаардык бийлик, прокуратуранын кызматкерлери келишкен. Сүйлөшүүлөрдү республиканын ички иштер министри Марат Ахметжанов алып барды. Анын айтымында, ал киши ар кандай талаптарды коюп, жакындарына жардам берүү тууралуу айткан. Саат 16:35те Ахметжанов чабуулду баштоого буйрук берген. Атайын күчтөр операцияны көздөн жаш агызуучу газ менен жүргүзүштү. 30 жаштагы жаран кармалып, банк кызматкерлери бошотулган. Кол салган адам 1993-жылы туулган Жамбыл облусунун тургуну Алихан Мурадов болуп чыкты. Ал 2013-жылдан бери баңги заты боюнча каттоодо турганы такталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ысык суу качан берилери айтылды

Бишкекте Ысык суу 22-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу «Бишкектеплосеть» ишканасынан билдиришти. «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКсы жергиликтүү тургундарга ысык суу бериле баштаган маалда суу ысыткыч каражаттарды өчүрүп коюуну эскертет. Өзгөчө кырдаалдар же суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыз:   – керектөөчүлөрдү колдоо борбору: 0312611169, 1980;   – диспетчердик кызмат: 0312568558;   борбордук райондун […]

Сизге жагышы мүмкүн