Аксыдагы өрттөнүп жаткан ооруканадан 134 бейтап эвакуацияланды

Автор

Аксыдагы өрттөнүп жаткан оорукананын имаратынан 134 бейтап эвакуацияланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти.

«Жеринде Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору көзөмөл жүргүзүп жатат, акыркы маалыматы боюнча, оорулулар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды, жабыркагандар жок. Бардык тийиштүү ич-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан төрт бөлүмдөн (реанимация, төрөт, хирургия, балдар) 134 оорулу эвакуацияланды», — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык жөө күлүктөр эл аралык мелдеште биринчиликти алды

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курамасы Өзбекстандагы Tashkent эл аралык марафонунда жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунга илинди. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 11-13-март күндөрү Ташкент шаарында өтүп, 34 өлкөнүн спортчулары 3 чакырым, 10 чакырым, жарым марафон жана марафондо чуркашты. Кыргызстандын куржунунда эки алтын, бир күмүш […]

Сизге жагышы мүмкүн