Таш бетиндеги тамчылар…

Автор

Марат Токоевдин “Жашоо сүртүмдөрү” китеби таш бетиндеги тамчылардай мыкты жазылган. Акын жашоо сүртүмдөрүн эмнегедир асмандан, айдан алып анан бирде жамгыр, бирде карга айланып, буркан-шаркан түшүп баратып, ит досу менен баарлашат. Ушунун баарын шыбырап айтат. Үнсүз эле үймөктөй ойду үч сөзгө батырат. Ал эми үч канаттуу, үч саптарында үкүнүн көзү, камыштын үнү, чөптүн жалбырагы, каакымдын үлбүрөгү, ширеңкенин жарыгы, жашоонун жаңырыгы – эң башкысы адамдардын жүрөгүн кагып, ааламдын кичинекей бирок абдан чоң сүйүндүргөн сүртүмдөрүн сүрөттөйт.

*

Таңкаласың. Билбейсиң себебин

Турганымдын туйбай суук азабын.

Сууган жүрөк күн суугун сезеби?

*

Асман бетинде сейилде

Ай орогуна илинип

Араң бошонду ак булут.

Эркин жашоодо билбеген

Эмне экени буулугуу

Болгон кайгысы ушудур.

*

Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң

Менден, байкуш, бир нерсени сурайсың.

А көзүңдө ишенбестик, кайгы-муң.

Келчи жакын, теппейм сени, урбаймын.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.

Сен караба, менин адам кейпиме.

Чыгаралбай эч ким укпас бугумду

Сендей гана жалдыраган итмин мен.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.

Орусча айтсам: «Будет вместе веселей».

Жалдырайсың шыйпаңдатып куйругуң,

Бөлүшүү:
Next Post

Министрдин семирип жана байып алганы айтылды

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын бүгүнкү жыйынында  депутат Жеңишбек Токторбаев  Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максутовду “сизди министр болуп келгенден бери семирип жана байып алды деп жатышат”,- деди. Бек Борбиев, Алтынай Нарбаева, Айчүрөк Иманалиева, Майрамбек Осмонов сыяктуу артисттер тойлордо 1000 долларга чейин ырдап жатышканын бирок, Улуттук филармониянын артисттерине көз кырын […]

Сизге жагышы мүмкүн