Министрдин семирип жана байып алганы айтылды

Автор

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын бүгүнкү жыйынында  депутат Жеңишбек Токторбаев  Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максутовду “сизди министр болуп келгенден бери семирип жана байып алды деп жатышат”,- деди. Бек Борбиев, Алтынай Нарбаева, Айчүрөк Иманалиева, Майрамбек Осмонов сыяктуу артисттер тойлордо 1000 долларга чейин ырдап жатышканын бирок, Улуттук филармониянын артисттерине көз кырын салып коюшун айтты. “Жада калса, комузун же, кийимдерин алып бербейт экенсиз. Мындай болбойт го”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош аба майданында жүргүнчүлөр кармалып турат

“Tez Jet” авиа компаниясынын Ош-Бишкек авиа каттамынын 146-рейсинин саат 12:00дөгү учагы белгисиз себептерден улам учпай  турат. Мындай абалга жүргүнчүлөр нааразычылыгын билдиришүүдө. Авиа компаниянын өкүлү техникалык себептерден улам учпай жатканын айтууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн