Пиязды экспорттоого чектөө алынды

Автор

Министрлер кабинетинин атайын токтому менен өлкөдөн пиязды экспорттоого коюлган чектөө алынып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мындай чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактын маанилүү товарлардын жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөн.

Эске салсак, январь  айында бардык Борбор Азия өлкөлөрүндө пияздын баасы кескин көтөрүлгөн. Мындан улам Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан пиязды сыртка экспорттоого үч айга тыюу салган.

Бөлүшүү:
Next Post

Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Москва шаарында 6-мартта өтө турган “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.   Биринчи айым мекендештер менен жолугушуунун алдында иш-чара өткөн Кыргызстандын элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак […]

Сизге жагышы мүмкүн