Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Автор

Бишкекте 9-10-декабрда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, 31-декабрга чейин уланат.
Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
«Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат», — деп белгилешти министрликтен.
Жарманке Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинага 4,5 миллиард доллар жардам планы жарыяланды

Япония Украинага 1 миллиард долларлык кошумча колдоо көрсөтөт. Киевге Япониядан берилүүчү жардамдын жалпы суммасы 4,5 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу Япониянын премьер-министри Фумио Кисида G7нин онлайн саммитинин жүрүшүндө билдирди. 6-декабрда G7 өлкөлөрү (Германия, Улуу Британия, Италия, Канада, АКШ, Франция, Жапония) Россиянын алмазын импортун чектөө механизмдерин макулдашты. Келишимге ылайык, 2024-жылдын 1-январынан […]

Сизге жагышы мүмкүн