Ташкентте катуу жарылуудан 163 адам жаракат алды

Автор

Өзбекстандын борбору Ташкентте катуу жардыруу болду. Анда бир адам көз жумду, дагы 163 адам жаракат алганын Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Өзгөчө кырдаал 28-сентябрда саат 02:43тө Куруучулар аймагындагы Inter Logistics” компаниясынын кампасында болгон. Ал жерге 16 өрт-куткаруу тобу жөнөтүлдү. Өрттү өчүрүүгө дээрлик үч саат убакыт кетти.
Жарылуу үнү көп чакырымга чейин угулуп, шаардын ар кайсы аймактарынан өрт жана көтөрүлгөн түтүн көрүнүп турду.
Жарылуу толкуну көп кабаттуу үйлөрдүн ондогон батирлеринин терезелерин талкалап, турак жайдын короолорунда көптөгөн тез жардам унаалары болгон. Көптөгөн тургундар унааларында уктоого аргасыз болушкан.
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жарылуунун себебин чагылган деп атады.

Бөлүшүү:
Next Post

“Манас” жаңы каттамдарды ачууну пландап жатат

Октябрдан баштап Шарм-эль-Шейх – Бишкек – Шарм-эль-Шейх аба каттамын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ачуу пландалууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул чартердик каттамдар кыш мезгилинде Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы тарабынан үзгүлтүксүз аткарылат. 30-октябрдан 30-мартка чейин VietJet Air авиакомпаниясы Вьетнамга каттамын ачууну пландап жатат, ал эми каттамдар […]

Сизге жагышы мүмкүн