Жыйында граната жардырган депутат камалды

Автор

Украинанын Закарпат облусунун Ужгород шаардык соту президентти колдогон «Эл кызматчысы» партиясынын Керецкив айылдык кеңешинин депутаты Сергей Батринди камакка алды. Ал 15-декабрда айылдык кеңештин жыйынында үч граната жардырган.
Депутат терактка шектелүүдө. Прокурордун камакка алуу өтүнүчүнө депутат жана жактоочулар каршы эместиги айтылууда.
Жардыруулардын натыйжасында 23 адам, 16 эркек жана жети аял жаракат алган. Алардын бири ооруканада каза болгон. Депутаттын өзү 16-декабрда жандандыруу бөлүмүндө эсине келген. Тергөөчүлөрдүн айтымында, айыпталуучу жетекчиликтин жана башка депутаттардын чечимдерине таасир этүүгө аракет кылган, бирок каалаганына жеткен эмес жана гранаталарды жардырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Месси Аргентина футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчу деп таанылды

Статистикалык жана аналитикалык “FourFourTwo” порталы Лионель Мессини Аргентина футболунун тарыхындагы эң мыкты футболчу деп тааныды 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун уткан команданын капитаны британиялык журнал түзгөн тизменин башында турат. Басылмада жалпысынан 32 футболчу бар. Алдыңкы онго төмөнкүлөр кирген: Лионел Месси Диего Марадона Марио Кемпес Даниел Пассарелла Габриэль Батистута Оскар Руггери Хорхе Бурручага […]

Сизге жагышы мүмкүн