Илон Маскты Нобель сыйлыгына көрсөтүштү

Автор

Норвегиялык депутат Мариус Нильсен америкалык ишкер Илон Маскты Нобель сыйлыгына көрсөттү.
Нильсен  Маск негиздеген технологиялык компаниялар коомду жакшыртууга, Жер жана космос жөнүндөгү билимди өркүндөтүүгө жана дүйнө жүзү боюнча байланыштарды камсыз кылууга жардам бергенин айтты.
2024-жылкы сыйлыкка Масктан тышкары НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Колумбиянын президенти Густаво Петро, ​​австралиялык журналист Жулиан Ассанж жана Израил менен Палестинанын укук коргоо уюмдары көрсөтүлгөн. Лауреаттын ысымы 11-октябрда белгилүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Активди жана мүлктү кантип декларациялоо керек?

Кыргызстанда «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди. Экономика жана соода министрлиги бул мыйзамдын алкагында түшүндүрмө берүүнү улантууда. Атап айтканда, ыктыярдуу легалдаштыруу процедурасынан кантип өтүү керек: белгиленген мамлекеттик алымды төлөөгө; эгерде активдердин наркы 100 миллион сомдон ашса, республикалык бюджетке 1 миллион сом өлчөмүндө декларациялык […]

Сизге жагышы мүмкүн