Украина Россия жана Беларуссия менен чек ара боюнча эки келишимден чыкты

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский мамлекеттик чек ара маселелери боюнча Россия жана Беларуссия менен түзүлгөн эки келишимден чыгуу тууралуу жарлыкка кол койду.
“1994-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Украинанын мамлекеттик чек араларын коргоо боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдан чыгууну чечтим”,-деп айтылат документте.
Мындан тышкары, Киев Москва менен чек ара маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара аракеттенүү боюнча келишимди токтотту. Документке 1994-жылдын августунда Одессада кол коюлган.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат министрге: "Сиз пахтаны жакшы коёт окшойсуз"

  “Кудайберген Базарбаевич сиз бул кызматка эки жолу келдиңиз? Сизден башка жокпу”,- деп сурады депутат Жеңишбек Токторбаев. Социалдык коргоо жана өнүктүрүү министри “бардыгы мыйзам чегинде”,- деп гана жооп берди. Министр отчетуна президенттин сүрөтүн чаптап, “Урматтуу президентибиз” деп жазып алганы сынга кабылды. “Сиз пахтаны жакшы коёт окшойсуз. Отчетко президенттин сүрөтүн кантип […]

Сизге жагышы мүмкүн