Тажикстанда бийлик алмашуу эмнеге кечеңдеп жатат?

Автор

Тажикистан Борбор Азиядагы акыркы 30 жылда бийлик алмашпаган жалгыз өлкө болуп саналат. Учурда баардыгы мураскердин атын эчактан эле билишет. Ал тактан түшпөй келаткан президенттин уулу Эмомали Рустам, азыр Сенатты жетектеп, өлкөдөгү экинчи адам деп белгилешет коомдук аналитиктер.
Алардын айтымында, Рахмон 2016-жылы эле бийликти өткөрүп берүүгө даярдана баштаган. Биринчи кезекте президенттикке талапкерлердин жашын төмөндөтүү боюнча Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген.
Экинчи кадам акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү легалдаштыруу үчүн капиталга жана мүлккө мунапыс берүү болду. Бул кадамды эксперттер президенттин мураскерди колдоо үчүн элита менен тил табышуу аракети катары баалап жатышат.
Үчүнчү кадам – экстремизм жана терроризм боюнча айыпталган тажик жарандарына, негизинен Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлерине жана жактоочуларына мунапыс берүү болуп саналат.
Бийликтин өтүшүнө баары көптөн бери даяр, бирок аны ишке ашырууга ички жана тышкы жагдайлар дайыма тоскоол болуп келет. Ошентип, 2020-жылы өлкөдө кезектеги президенттик шайлоо өтүп жатканда, бийликти өткөрүп берүү коронавируска байланыштуу кийинкиге жылдырылышы керек болчу.
Карантинден улам калктын 70% акча которуулары менен иштеген мигранттар массалык түрдө үйлөрүнө кайта баштады. Өлкөгө акчанын агымы азайды. Рахмон социалдык-экономикалык кризистин туу чокусунда ашыкча тобокелчиликтерди жаратпоо үчүн шайлоого өзү барууну чечти.
Рахмон 2022-жылы күзүндө Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдагандан кийин уулуна жол бошотот деп күтүлгөн. Анткени Казакстандагы нааразылык акциялары тажик лидерине убактысында кетип калууга мүмкүндүк жараткан. Бирок транзит кайра жылдырылды. Жаңы болжолдуу датасы 2024-жыл.
Айрым маалыматтарга караганда, бийликти өткөрүп берүү агрессияны көзөмөлдөө көйгөйлөрүнөн улам кечеңдеп жатат. 2008-жылы мураскер уруша кеткен таякесине ок чыгарып, жарадар кылган. 2022-жылы анын көрсөтмөсүн аткаруудан баш тарткан УКМКнын жетекчисине да ок чыгаргандыгы айтылат.
Бийликти берүүнүн кечигип жатышынын дагы бир себеби мураскердин жеке сапаттары эмес, Рустамды мураскер катары көргүсү келбеген Рахмондун чоң үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөр болушу мүмкүн.
Президенттин бийликте жана бизнесте чоң кызматтарды ээлеген көптөгөн жакындары бийлик алмашкандан кийин баарын жоготуп алуудан коркушат. Бул атадан балага алмашса дагы коркунуч бойлон калууда.
Азыртадан эле башкаруучу кландагы көпчүлүк мураскердин жаңыдан пайда болгон командасында бир тууганга орун жок экенине нааразы болушууда. Рахмон жакындарынын талаптарын канааттандыра албай жатат жана бул бийликти өткөрүүгө коркунучтарды жаратууда.
Eurasiatoday сайтынан которулду

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн "Ак шумкарлар" Кытайдын “Тайбэй” командасы менен беттешет

Бүгүн, 21-марта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык раунду алкагында Кытайдын “Тайбэй” командасы менен кез келет. Үчүнчү турдун алкагында орун ала турган бүгүнкү беттеш Гаосюн шаарынын “Наньцзы” стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө старт алат. Оюнду БАЭнын рефери Яхья Али Алмулла тейлейт. “Ак шумкарлар” […]

Сизге жагышы мүмкүн