Бүгүн “Ак шумкарлар” Кытайдын “Тайбэй” командасы менен беттешет

Автор

Бүгүн, 21-марта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык раунду алкагында Кытайдын “Тайбэй” командасы менен кез келет.
Үчүнчү турдун алкагында орун ала турган бүгүнкү беттеш Гаосюн шаарынын “Наньцзы” стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө старт алат. Оюнду БАЭнын рефери Яхья Али Алмулла тейлейт. “Ак шумкарлар” оюн талаасына кызыл формада чыгат.
Ал эми аталган командалардын жооптук беттеши 26-мартта Бишкетеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Аталган квалификациялык оюндары үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлын Тайбэй курама курамалары менен кошо “D” тайпасында жайгашкан.
Эки турдун жыйынтыгы боюнча улуттук курама үч упай менен тайпанын турнирдик жадыбалында 3-орунду ээледи.

Бөлүшүү:
Next Post

"Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Урматтуу кыргызстандыктар! Улустун улуу күнү Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Жер жарылып чөп чыккан, желин жарылып сүт чыккан Нооруз майрамында көңүлдөрдө шаттык, дасторкондордо береке, үйлөрдө кут, элибизде тынчтык, жерибизде молчулук болсун! Нооруз майрамыңыздар менен! Нурлан Кудайбердиев, “Сапат” билим берүү мекемелеринин президенти Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн