Тамыр жайган чынар жыгалган жок

Автор

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоонун негизги критерийин талапкерлердин диний ишенимдери түздү. Шайлоочулардын көпчүлүгү “намаз окуйт” же, “намаз окубайт” деген талкуунун тегерегинде добуш беришкендерине күбө болдук. Оппозициянын лидери Кемал Кылычтар уулу президент болсо, кыз келиндердин жоолугун чечтирип, дин эркиндигине чектөө коёт, күрт жикчилдери менен кызматташат деген айың кептерди таратышты. Бирок, ал “мен деле мусулманмын, чоң атам Осмон империясынын аалымы болгон”,- десе да, эч ким ишенбей койду. Аны солчулдар, санатчылар, мугалимдер, Ататүркчүлөр, күрт улутундагы шайлоочулар колдошту. Ал эми Режеп Тайип Эрдоган тарикатчылардын, динчил жамааттардын, медреселердин жана айыл-кыштактардагы карапайым калктын ишенимине арзыды.

Ошентип, оппозиция үлкөн чынарды жыгалбай койду. Эрдоган 21 жылдан бери башкарып, саясаттан чарчап, чаалыгып, ден-соолугу начарласа да, оппозицияны чаңында калтырды. Эми шайлоонун экинчи айлампасы ага чоң үмүттөрдүн эшигин ачканы турат.

Деген менен, атаандашдардын шайлоо өнөктүгүнө даярдыгы өтө начар экен. Эрдоган 21 жылдан бери мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүгүн колунда мыкчып отуруп, 2-айлампага калышы кийинки 5 жылдыкта бийлигинен кол жууйт деген сөз. Командасында да көңүлсүздүк, текебердик, кайдыгерлик байкалды. Ал эми оппозициянын бириккен лидерлери партияларын парламентке өткөзүү менен гана алектенишип, негизги талапкерди унутуп коюшту. Кемал Кылычтар уулу тегерек үстөлгө чогулткан 6 саясий лидерге алданып калганын кеч түшүндү. Жыйынтыгында, парламентке өталбаган партиялар Кылычтар уулу жетектеген Республикалык Элдик партиянын квотасы алдында мандат алуу укугуна ээ болушту.

Кечээ түрк БШКсы экинчи айлампаны 28-майга белгиледи. Учурда теги азербайжан 55 жаштагы Синан Оган чечүүчү орунда турат. 5 пайыздык добушун кимге соодаласа, ошол өтөт деген пикирлер жаралууда. Менин баамымда, ал Кемал Кылычтар уулуна эшигин ачышы мүмкүн.

Ошондо деле тамыр жайган чынарды жыгуу өтө кыйынга турат.

Манас Осмон журналист

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Чүйдө жакынкы саатта катуу шамал болот

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат.   Кырсык катталган учурда «112» кыска номерине чалуу керек, байланыш акысыз жана күнү-түнү […]

Сизге жагышы мүмкүн