“Иран-Орус-Кытай” үчилтиги АКШны бушайманга салды

Автор

Өткөн жумада Талибан бийлиги Иранга кол салып, 3 аскерин байлап кеткени дүйнөнүн көз жаздымында калды. Мындай окуя аймакты дагы бир жолу тынчсыздандырып, союздаш өлкөлөрдүн кайрадан башын бириктиргенсиди. Учурда Талибан “Өзбекстан –Тажикстан” менен чектешкен аймагында канал казуу иштерин жүргүзүп, ГЭС куруу менен кошуналардан энергетикага болгон көз карандысыздыкты камсыздайм деп туру.

2021-жылы Америка Афганистанды таштап, чыгып кеткенден бери Талибан АКШнын аймактагы союлуна айланып баратат. Бул абал эң көп Иранды бушайманга салды. Расмий Тегерандын Орусия жана Кытай менен мамилесин өркүндөткөнү АКШны чочутуп, Арап дүнүйөсүн кадимкидей үркүттү.

Талибан бийлиги Борбор Азияга азырынча багытын буруп, каарын чача элек.  Бирок, кайсы өлкө болбосун Талибан менен кармашкандан айбыгып,  “коргонуу блогу” делген уюшмалардан баш калкаа издеп жүрөт. Коопсуздугу кыйын кырдаалда калган өлкөлөр деп Афганистандын кошуналарын айтабыз. Ал эми үчүнчү өлкөлөр үчүн абал андан бираз эле жакшыраак.

“Иран-Талибан” жаңжалын батышчыл ММКлар мүмкүн болушунча кыска, аз же, маанисиз бир чатакташуу катары берди. Анткени, аймакта үлкөн державалардын таасир талашы күчөп жатат. Элестетип көрүңүз, сиз эки табактуу таразаны кармап турасыз. Анын бир башында курал-жарак же, жарылуучу заттар, бир жагында калем бар. Тилекке каршы, ошол тараза бүгүн АКШнын колунда турат.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ: Украина гуманитардык катастрофанын босогосунда

Украинада гуманитардык кырдаал абдан начарлап кетти. Каховская ГЭСинин жарылуусунан улам 700 миң адам ичүүчү сууга муктаж экенин уюмдун башкы катчысынын орун басары Мартин Гриффитс билдирди. Анын айтымында, мина коюлган жерлерди суу каптаган. «Жакында биз чоңдор жана өзгөчө балдар үчүн коркунуч туудурган, эл күтпөгөн жерлерде калкып турган миналарды сөзсүз көрөбүз”,-деди Гриффитс. […]

Сизге жагышы мүмкүн