Саясий эрк криминалды жок кылды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өлкөдө 30 жылда болбогон иштер алдыга жылганын айтты. Ал жалпы кыргыздардын пейили оңолуп, экономика багыты жөнгө салынганын, айлык акылар көбөйгөнүн жана өлкө казынасы 3 эсеге өскөнүн билдирди.
“Бюджет көмүскө экономика менен күрөшүүнүн эсебинен жок болду. Маселен, салык мурда 60 млрд чогултулса, азыр 180 млрд чогултулуп калды. Бажы 34 млрд чогултулуп келсе, азыр 110 миллиардга чейин топтолуп жатат. Бул саясий эрк жана коррупция менен күрөшүүнүн далили. Ал эми криминалдык элементтер президенттерге келип жүрүшкөнүн укканбыз. Буларды жок кылуу мүмкүн эмес дешчү. Алар бүгүнкү күнү жок кылынды. Бийлик 30 жылда болбогон нерсени ишке ашырды”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Апрель айы тууралуу кызыктуу фактылар

1. Байыркы римдиктердин убагында бул ай Венера кудайына арналган. 2. Азыркы кытай жана жапон тилдеринде апрель «төртүнчү ай» деп белгиленген. 3. Фин тилинде бул ай huhtikuu деп аталат, ал которгондо “дарактар күйгөн ай” дегенди билдирет. Буга чейин апрель айында айыл чарба жерлерин бошотуу үчүн бак-дарактар кыйылып, өрттөлгөн. 4. Түштүк жарым […]

Сизге жагышы мүмкүн