U-20:  Кыргызстандык жаш балбан кыздар Азия чемпионаттына катышат

Автор

Кыргызстандык спортчу кыздар Иорданияда өтө турган 20 жашка чейинки (U-20) балбандар арасындагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, мелдеш Амман шаарында 15-20-июль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

— Арууке Кадырбек кызы, 55 кг;

— Айдай Нуридинова, 57 кг;

— Айтолкун Медет кызы, 59 кг;

— Жаркынай Нурлан кызы, 62 кг;

— Таңчолпон Кыбалбекова, 65 кг;

— Гүлнур Таштанбекова, 68 кг;

— Кайыргүл Шаршебаева, 72 кг.

Курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мырзалардын айымдарды кыжырдаткан адаттары

Айымдар менен мырзалар эки ааламдын  кишилериндей  ошондуктан  өз ара мамилеринде түшүнүшүүнү табуу кыйын. Сөзсүз, кемчиликсиз адам болбойт жана  айымдар деле жаңылыштык кетирет. Бирок, мырзалар кээде аял затын акылга сыйбаган адаттары менен таң калтырып келет. Айымдардын кыжырын келтирген  мырзалардын кээ бир адаттары: Компьютер  жана телевизор. Көптөгөн заманбап  мырзалар бош убактыларында  диванга […]

Сизге жагышы мүмкүн