Бишкекте 210 гектар жерге заманбап ат майдан курулат

Автор

Улакчылар үчүн 210 гектар жерге заманбап ат майдан курулат. Бул тууралуу башкы прокурор, Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын төрагасы Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясы өткөргөн конференцияда билдирди.

Анын айтымында, жаңы ипподромдун долбоору чийилип бүттү, ал 20 миң орундуу болот.

“Мурунку жумада президентибиз мени чакырып тапшырма берди. Аэропорт жактан 210 гектар жер сатып алып, заманбап ат майдан куруу боюнча бир-эки жумада өкмөттүн буйругу чыгат. Жаңы жылга чейин курулуш иштери башталып калса жакшы болот эле”, — деди Зулушев.

Жаңы ипподромдо аттарды багып, оюнга машыгып, улакчылар жана жумушчулар жашай турган шарттар түзүлөрү белгиленди.

Бөлүшүү:
Next Post

19-октябрда күтүлгөн аба ырайы

19-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,   Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн