Сатарова Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары болду

Автор

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп Элдана Сатарова дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

 Маалыматка ылайык, Сатарова буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте ар кандай кызматтарды аркалап келген. Жаңы дайындалганга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик мүлк саясаты башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Элдана Сатарова жогорку билимдүү. Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасын аяктаган.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский бүткүл дүйнөгө талап койду

Дүйнөлүк коомчулук Россияга кысым көрсөтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram-каналында билдирди. «Дүйнө эл аралык тартип орногуча Россияга кысым көрсөтүшү керек»,-деди Зеленский. Ал бир күн мурда АКШнын президенти Жозеф Байден менен сүйлөшкөнүн кошумчалады. Зеленский Ак үйдүн башчысы менен сүйлөшүүнү позитивдүү жана шыктандыруучу деп атады. Зеленский НАТОнун Вильнюстагы […]

Сизге жагышы мүмкүн