Зеленский бүткүл дүйнөгө талап койду

Автор

Дүйнөлүк коомчулук Россияга кысым көрсөтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
«Дүйнө эл аралык тартип орногуча Россияга кысым көрсөтүшү керек»,-деди Зеленский.
Ал бир күн мурда АКШнын президенти Жозеф Байден менен сүйлөшкөнүн кошумчалады. Зеленский Ак үйдүн башчысы менен сүйлөшүүнү позитивдүү жана шыктандыруучу деп атады.
Зеленский НАТОнун Вильнюстагы саммитине 15 гана күн калганын, Киев бийлиги бул иш-чаранын реалдуу мазмунга ээ болушу үчүн бардыгын жасап жатканын кошумчалады.
Буга чейин Зеленский Батыштан Украинанын Куралдуу күчтөрүн мындан да көп аскердик техника менен камсыз кылууну талап кылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто Курман Айт намазы борбордук аянтта окулат

Курман айт намазы 28-июнда Ош шаарынын борбордук аянтында окулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, айт намазы эртең мененки саат 07:30да окулуп баштайт. Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма […]

Сизге жагышы мүмкүн