Жасалма диплом үчүн Исмаилов менен Алимжанов депутаттык мандатынан ажырады

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс» фракциясы) мандатынан ажыратты. Буга алардын жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу диплому жасалма экендиги себеп болгон. Аталган чечим бүгүн Боршайкомдун жыйынында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков билдиргендей, Исмаилов жогорку окуу жайга кабыл алынган эмес, ал эми Алимжанов өлкөдө эместигине байланыштуу мамлекеттик экзаменди тапшырган эмес. Натыйжада ага жогорку окуу жайды буткөндүгү тууралуу диплом одоно бузуулар менен берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров «Алтын сертификаттарды» тапшырды

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринин “алтын сертификаттардын” ээси болгон бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Садыр Жапаров “алтын сертификаттардын” ээлерине жана жогорку балл алгандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин мактоо грамоталарын, эстеликке белектерди тапшырды. Быйыл Кыргызстандагы мектептердин 54 бүтүрүүчүсү “алтын сертификаттарга” ээ болду. […]

Сизге жагышы мүмкүн