Садыр Жапаров Россияга расмий сапары менен барат

Автор

Президент Садыр Жапаров Россияга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу Жапаровдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Жолугушуу Бишкекте боло турган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 24-жыйынынын алкагында өттү.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн элдеринин боордоштугу, алардын тарыхый жана маданий жалпылыгы Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги фактору катары карала турганын белгиледи.

Кыргыз-орус кызматташтыгын илгерилетүүдөгү колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда окутуусу орус тилинде тогуз орто мектепти куруу боюнча бүгүн кол коюла турган Макулдашуунун маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан менен Россияны өнөктөштүк жана ишенимдүү мамилелери бириктирип турганын, Садыр Жапаровдун Россияга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнү мындан да жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Муфтият зыяратчыларды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгып калышы мүмкүндүгүн эскертти. Муфтияттын маалыматына караганда, 2019-2023-жылдар ичинде ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлер Сауд Аравия королдугунун Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты талап кылынат жана ар бир ажылыкка баруучу талапкердин делосуна […]

Сизге жагышы мүмкүн