Муфтият зыяратчыларды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Автор

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгып калышы мүмкүндүгүн эскертти.

Муфтияттын маалыматына караганда, 2019-2023-жылдар ичинде ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлер Сауд Аравия королдугунун Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты талап кылынат жана ар бир ажылыкка баруучу талапкердин делосуна тиркелүүсү зарыл.

Муну менен катар төмөнкү дарылардын бирөөсү менен эмдөөдөн өткөндүгү боюнча сертификаты талап кылынат: 1-Pfizer-BioNTech, 2-AstraZeneca, 3-Moderna, 4-Janssen, 5-Sinopharma, 6-Sinovac, 7-Sputnik V, 8-Covaxin, 9-Nuvaxovid, 10-Covovax.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга быйыл 6 миң квота бөлүнгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Мухтар Шаханов: "Эч ким мага Чыңгыз Айтматовдой дос болгон жок"

“Көп адамдар менен сыйлаштым, аралаштым бирок, эч кимиси мага Чыңгыз Айтматовдой жакын дос болгон жок”, – деп билдирди Кыргыз жана Казак Эл акыны Мухтар Шаханов. Ал эстен кеткис бир окуясын мынтип эскерет. “Бир жолу катуу ооруп, эсимен танып калыптырмын. Аялым дарыгерлерди чакырса, алар мени өлдү деп өлүкканага алпарып салыптыр. Бир […]

Сизге жагышы мүмкүн