“Кыргызстан – Иран” беттеши: Эки миңдей милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Автор

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) турниринин алкагында Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешет.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, оюн учурунда Бишкек гарнизонунун 2 миңге жакын кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт.

 

Бишкек ШИИББ жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып келбөөгө чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен облусунда  416 үй курулуп бүттү

  Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Лейлек районуна караштуу бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты.   Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак-жайдын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан […]

Сизге жагышы мүмкүн