ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгы  Азербайжанда белгиленди

Автор

Бакудагы Хайдар Алиев борборунда өткөн концертке Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, Азербайжандын президенттигинин гуманитардык саясаттар бөлүмүнүн башчысы Ферех Алиева, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Азербайжандын маданият министри Адил Керемли  катышты.  Мындан тышкары  ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрликтеринин өкүлдөрү, Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, маданият жана искусство чөйрөсүнөн белгилүү ысымдар жана атуулдар катышты.

ТҮРКСОЙдун  маалыматына ылайык, концерттин алдында  «ТҮРКСОЙдун маданият күндөрүнүн» алкагында «ТҮРКСОЙго 30 жыл» сүрөт көргөзмөсү жана «ТҮРКСОЙ сүрөтчүлөрүнүн 23-жыйыны» сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Концерттин ачылыш сөзүн сүйлөгөн Фере Алиева Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына карата иш-чаранын катышуучуларына жолдогон катын окуп берди.

Алиев катында ТҮРКСОЙ түрк маданий мурасын сактоо, бул улуу байлыкты келечек муундарга өткөрүп берүү жана дүйнөгө таанытууда мактоого татырлык кызматтарды көрсөткөнүн белгилеп, ТҮРКСОЙго түрк дүйнөсүнүн биримдигин мындан ары да чыңдоодо жана туура иш жүргүзүүдө ийгиликтерди каалады.

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Раев иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Азербайжанда болуу үчүн абдан кубанычта экенин белгилеп, президент Алиевге бул мүмкүнчүлүктү түзүп бергени жана түрк дүйнөсүнө ар бир иш-чараларына  колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Раев сөзүнөн кийин Азербайжандын жазуучу Элчин Эфендиев, сүрөтчүлөр Полад Бүлбулоглу, Шефиге Меммедова, Нуреддин Мехдиханлы, Фаик Сүджеддинов, сүрөтчүлөр Ферхад Халилов жана Сакит Мамедов сыяктуу маанилүү маданият жана искусство ишмерлерине ТҮРКСОЙдун «Ардак» медалдарын тапшырды.

Медалды тапшыруу аземинен кийин сахнага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өнөрпоздору чыгып, өнөрлөрүн тартуулашты

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 17-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.20 сомдон  болсо, сатуу  89.37 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89.19 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн