Бишкектеги мектептерде суукка байланыштуу сабактын убактысы кыскарат

Автор

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилген. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалган. Ал эми Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилгендиги айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Мандат тапшыруу кезеги Искендер Матраимовго келдиби?

Социалдык тармактар аркылуу өлкөдөгү активдүү жарандар Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун мандатын тапшырышын талап кылышууда. Иниси Раимбек Матраимовдун коррупционер экендиги далилденип, мамлекеттен кымырып алган каражаттарды кайтарып бергендиги, мындан улам бул үй-бүлөгө мамлекеттик кызматтарда орун жок экендиги айтылат. Айрым маалыматтарда Искендер Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда. Кечээ Раимбек Матраимовго жакындыгы менен […]

Сизге жагышы мүмкүн