Израил Дамаскка ракеталык чабуул жасады

Автор

Шаршемби күнү эртең менен Израилдин аскерлери Сириянын борбору Дамаскка кайрадан чабуул жасады. Кафр Суса шаарынын аймагына бир нече ракеталар тийгенин Associated Press (AP) билдирди.
Айрым маалыматтарга караганда, сокку ирандык мектептин жанында жайгашкан имаратка тийди. Жабыркагандар бар.
Соңку жылдары Израил Сириянын Дамаск көзөмөлдөгөн аймактарындагы буталарга жүздөгөн сокку урду. Израилдин бийликтери мындай аракеттер боюнча түшүндүрмө аз берип, соккулар Иран менен байланышы бар топтордун, анын ичинде Хезболланын базаларына багытталганын белгилеп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси 8-Алтын топту кайда тапшырды?

“Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси 8-Алтын топту мурунку клубунда калтырууну чечти. Атактуу футболчу сыйлыкты Барселона клубунун музейине тапшыргандыгын журналист Микел Бласкес билдирди. Барселонанын экс-футболчусу “Мен “Барселонанын” оюнчусу катары утуп алган нерселеримдин баары музейде. Алтын топ, Алтын бутсы, ар бири”, – деди. Эске салсак, Месси 2003-жылдан 2021-жылга чейин “Барселонанын” курамында […]

Сизге жагышы мүмкүн