Путин: Мигранттар орустун салттарын сыйлашы керек

Автор

Россия Федерациясындагы эмгек мигранттары Россиянын экономикасынын кызыкчылыктарына баш ийиши керек. Россия Федерациясынын маданиятын, салттарын жана мыйзамдарын сыйлашы керек. Бирок бул жерде алардын укуктары да сакталышы керек. Бул тууралуу Путиндин айткандары Кремлдин сайтында жарыяланды.
«Биз биринчи кезекте Россиянын экономикасынын кызыкчылыгына жооп берген эмгек ресурстарын тартуубуз керек. Демек, бул адамдар лингвистикалык, этномаданий көз караштан даяр болушу зарыл. Биздин каада-салттарды, мыйзамдарды билиши керек, ошол мыйзамдарды сыйлашы керек. Ал эми биз КМШ өлкөлөрүндөгү жана Борбор Азиядагы кесиптештер менен биргеликте бул боюнча биргелешип иштеп жатабыз. Бирок, албетте, биз цивилизациялуу өлкө катары алардын да укуктарын камсыз кылышыбыз керек»,-деди Путин жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо кеңешинин жыйынында.
Анын айтымында, Россия Федерациясы бул өлкөлөрдө окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерди ачып, иш-чараларды өткөрүүдө.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24,01 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24,01 чакырымы такталды. Бул тууралуу  Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйынында  белгилүү  болду. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда тараптардын жолугушуусу  үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын […]

Сизге жагышы мүмкүн