Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24,01 чакырымы такталды

Автор

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24,01 чакырымы такталды. Бул тууралуу  Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйынында  белгилүү  болду.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда тараптардын жолугушуусу  үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты. Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

 Жапаров Түндүк Кипрдин президентин кабыл алды

Президент  Садыр Жапаров Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди. Эрсин Татар Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулган коференцияга катышуу үчүн өлкөгө жеке визит менен келген. Тараптар бейформал жагдайда сүйлөшүп, тамактанышты Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн