Дөңгөлөктүү чемодандарга тыюу салынды

Автор

Хорватиянын Дубровник шаарындагы туристтер эми шаардын көчөлөрүндө чемодандардын ызы-чуусу үчүн айып пул төлөшү мүмкүн. Шаар башчысы жергиликтүү тургундардын тажатма ызы-чуу тууралуу көптөгөн даттануусунан улам шаарда дөңгөлөктүү чемодандарды колдонууга расмий түрдө тыюу салды. Алардын айтымында, чемодандардын ызы-чуу алардын жакшы уктоосуна тоскоолдук жаратууда.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн шаар мэри Мато Франкович Эски шаарда дөңгөлөктүү чемодандарды колдонууга тыюу салган жаңы эрежелерди киргизди. Бул тыюуну бузгандар 288 доллар айыпка жыгылат. Ноябрь айынан баштап саякатчыларга чемодандарын шаардын сыртына калтырууга мүмкүндүк берүүчү жаңы система киргизилет. Андан кийин курьерлер чемодандарды түз эле көрсөтүлгөн даректерге жеткиришет.

Бөлүшүү:
Next Post

Балдарды суу жээгинде эс алуусун кантип камсыздоо керек?

Жайдын ысык күндөрүндө көптөгөн адамдар  суу жээгинде эс алууну артык көрүшөт. Дарыгерлер  ата-энелерге балдардын суунун жанында  өздөрүн туура  алып жүрүүлөрүнө  кеңеш берди Эксперттин айтымында, расмий түрдө бекитилген, сыноодон өткөн бассейндерди гана тандоо керек. Сиз ошондой эле жуунуучу жайдын коопсуз, жумшак эңкейишине көзөмөлдөө керек. Кичинекей балдар ата-энесинен алыс болбошу керек. Ошол […]

Сизге жагышы мүмкүн