Путин Кытайга барат. Бул 2023-жылдагы биринчи чет элдик сапары

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин октябрь айында Кытайга иш сапары менен келип, “Бир алкак, бир жол” форумуна катышуу чакырыгын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчы өзү Москвада Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушууда билдирди.
“Албетте, мен Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын Кытайга иш сапары менен чакыруусун канааттандыруу менен кабыл алдым”,-деди Путин.
Бул сапар Путиндин 2023-жылдагы биринчи чет өлкөгө сапары болмокчу.
Си Цзиньпин март айында Москвага болгон сапары учурунда Путинди Кытайга чакырган. Андан соң Дмитрий Песков Россия менен Кытайдын ортосундагы визиттердин алмашуу графиги эң жогорку деңгээлде иштелип жатканын жана конкреттүү даталарды айтуу али эрте экенин белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ун сатылган жарманкелер уюштурулууда. Даректери

Бишкекте ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жарманкелер уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Айыл чарба министрлигинин Агроөнөр жай кластерлери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исхак Анарбеков Кыргызстанда ундун көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок экенин түшүндүрдү.   Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:   “Ош” базары; “Аламедин” базары (“Табылга” соода борборунун аялдамасы); […]

Сизге жагышы мүмкүн