Канадада өрт: Жалпы аянты тактала элек

Автор

Канаданын борбору Оттаванын асманын түтүн каптады. Өрт шаардын батыш тарабында болгону 150 чакырым алыстыкта ​​уланууда. Квебекте да абал ушундай.
Канаданын Улуттук аба ырайы бюросунун маалыматы боюнча, учурда абанын булганышынын деңгээли 10 баллдык шкала боюнча беш баллга бааланат. Шейшембиге караган түнү жети баллга чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Канаданын өзгөчө кырдаалдар министри Уильям Блэр өлкөдө 26 миң адам эвакуацияланганын билдирди.
Канадада 413 токой өртү катталып, анын 249унда куткаруучулар өрттүн жайылышын токтото элек. Жалпы аянты азырынча тактала элек. Эң катуусу Альберта, Квебек жана Жаңы Шотландия провинцияларында байкалууда.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Канаданын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери, АКШнын, Австралиянын, Жаңы Зеландиянын жана Түштүк Африканын өрт өчүрүү бригадалары катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жакшы сезүү үчүн ысыкта эмне жеш керек?

Белгилүү болгондой, жайында тамак сиңирүү процесси жайлайт: атмосфералык жылуулуктун таасири астында организм керектүү дене температурасын кармап туруу үчүн энергиянын көп бөлүгүн жумшайт. Натыйжада, ичеги-карын жолдорунун кан менен камсыз болушу төмөндөйт, бул өз кезегинде табиттин төмөндөшүнө, шилекей бөлүп чыгаруунун азайышына, ичегилердин кыймылы начарлап, зат алмашуу процесстери басаңдайт. Ошентип, жайында жүрөккө жана […]

Сизге жагышы мүмкүн